Чавушоглу Ибрахим Таха жана Муса Белло менен жолугушту

Чавушоглу жолугушуулар тууралуу маалымат берди.

1950665
Чавушоглу Ибрахим Таха жана Муса Белло менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ислам Кызматташтык Уюмунун баш катчысы Хүсейин Ибрахим Таха жана Нигериянын президентинин атайын өкүлү федералдык борбордук аймак министри Мухаммед Муса Белло менен өз-өзүнчө жолугушту.

Чавушоглу расмий Твиттер эсебинен жасаган билдирүүсүндө: "Жер титирөө тилектештиги үчүн өлкөбүзгө келген ИКУнун баш катчысы Хүсейин Ибрахим Тахага ыраазычылык билдиребиз»,-деди. 

Белло менен өткөргөн жолугушуусун да Твиттерде жарыялаган Чавушоглу: "Нигериянын президентинин атайын өкүлү, федералдык борбордук аймак министри Мухаммед Муса Белло жер титирөөдөн кийин колдоо жана тилектештик үчүн Анкарага келди. Биз ага ыраазычылык билдирдик",-деди.



Тектеш кабарлар