Жер титирөөдөн жапа чеккендер үчүн чет өлкөлөрдөн жардамдар келип жатат

«Кылымдын апааты» деп сыпатталган очогу Кахраманмараш болгон жана 10 провинция менен Сирияга таасирин тийгизген 7,7 жана 7,6 баллдык жертитирөөлөрдөн кийин дүйнө жүзүнөн Түркияга жана Сирияга жардамдар келип жатат.

1946592
Жер титирөөдөн жапа чеккендер үчүн чет өлкөлөрдөн жардамдар келип жатат
BAE YARDIM.jpg
Kahramanmaraş Dayanışma Obası Kazakistan Kırgızistan Yurtları (9).jpg
Qardaş köməyi_platforması_07.jpeg

Польшанын стратегиялык запастарынан жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн Түркияга 3 жүк ташуучу жаңы колдоо...

Түркиянын Варшавадагы элчиси Женгиз Камил Фырат, «кылымдын апааты» деп сыпатталган Кахраманмараштагы жер титирөөдөн кийин Польшанын колдоосунун алкагында стратегиялык запасынан генератор, жууркан жана кышкы чатырлардан турган 3 жүк ташуучу унаа менен катар кээ бир дарылардан турган жардамдын Түркияга жөнөтүлөөрүн айтты.

Фырат Польшанын Түркияга жиберген куткаруу тобунун Түркияда 6-февралда болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн кийин алты саатта даяр болгонун баса белгилеп, бул командага кийинчерээк кээ бир шахтерлор да кошулганын кошумчалады.

«Кылымдын апааты» деп сыпатталган жер титирөөлөрдөн кийин Ирак өкмөтү Түркияга 30 миң тонна күкүрттүү күйүүчү май берүүнү чечти.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия иштери боюнча орун басары Эрика Олсон Кахраманмараштагы жер титирөөлөр тууралуу берген брифингинде, АКШ өкмөтүнүн 85 миллион долларлык жардамына кошумча АКШнын жеке секторунун да жер титирөө болгон аймактарга 50 миллион доллардан ашуун жардам бергенин жарыялады.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысынын орун басары Ведант Пател, жер титирөөлөр боюнча Түркияга колдоо көрсөтүүнү уланткандарын айтты.

Суу, тамак-аш жана медициналык жардам сыяктуу негизги каражаттардын камсыздалышы менен издөө-куткаруу иштерине колдоо көрсөтүүнү уланткандарын белгилеген Пател: «Бул терең чечкиндүүлүк менен уланта турган маселе»,-деди.

НАТОнун Италиянын Неапол шаарындагы биргелешкен күчтөрү командирлигинин билдирүүсүнө караганда, эң аз 1000 контейнерден турган жана жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн баш калкалоочу жайларды Түркияга жөнөтүү үчүн даярдыктар бир канча убакыт мурун башталган.

Келерки аптада «жарым туруктуу» жайгаштыруу объектилерин Түркияга ташуу жана куруу үчүн биргелешкен күчтөр командирлиги тарабынан координацияланган контейнерлердин биринчи бөлүгүн ташуу иш-чараларынын алкагында ташылат.

Грузиядан келген 85 кишилик издөө-куткаруу тобу Түркиядагы апаат болгон аймакка жетүү үчүн жолго чыкты.

Грузиянын Ички иштер министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу кызматынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, аталган топтун Адыяманда иштей турганы белгиленди.

Команда мурда Адыяманга жөнөтүлгөн топту алмаштыра турганы маалымдалган билдирүүдө төмөнкү сөздөр колдонулган: «Жаңыдан жөнөтүлгөн грузин куткаруу тобу жер титирөөдөн кийин калыбына келтирүү жана куткаруу иш-чараларын ишке ашыруу боюнча машыккан өрт өчүрүүчү-куткаруучу адистерден турат. Ошондой эле топ заманбап шаймандар, учкучсуз учуучу аппараттар, байланыш унаасы жана бардык түрдүү атайын куткаруу техникалары менен жабдылган».

Сауд Арабиясы Түркия менен Сириянын жер титирөөдөн зыян тарткан аймактарына 3 миң контейнер үйүн жөнөтө турганын жарыялады.

Сауд Арабиядагы Король Салман гуманитардык жардам борборуна караштуу Сахем платформасы аркылуу Түркия жана Сирияда жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн башталган жардам кампаниясында чогулган жардамдын көлөмү 355 миллион 192 миң 630 риалга (болжол менен 94 миллион доллар) жетти.

Колумбияда Түркиянын Богота элчилиги жана Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн таңгакталган жүктөр кырсык болгон аймакка Түрк аба жолдорунун (THY) жүк ташуучу учагы менен жөнөтүлдү.

Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем, жер титирөөлөрдөн улам Түркиянын кайгысын тең бөлүшкөндөрүн белгилеп, Түркия менен Сирияга 37 миллион крон (болжол менен 3 миллион 558 миң доллар) жардам жөнөткөндөрүн айтты.

Америкалык сүрөтчү Мадонна жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүүгө чакырды. Heavy metal тобу Metallica Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга колдоо көрсөтүү үчүн 250 миң АКШ долларын (4,7 миллион лира) кайрымга берди. Панк-рок музыкасынын пионерлеринин бири Патти Смит да социалдык тармактагы аккаунтунан жардамга чакырды.

Норвегия өкмөтү жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн тез жардам учагы катары колдонулган аскердик транспорттук учакты Түркияга жөнөттү.

Норвегиянын жер титирөөдөн жапа чеккендерге колдоосун НАТОнун Евроатлантикалык кырсыкка жооп берүү координациялык борбору түрк бийлиги менен тыгыз кызматташтыкта ​​координациялады.

НАТОнун билдирүүсүнө ылайык, Норвегия жөнөткөн C-130J Hercules транспорттук учагы 13-февралда биринчи медициналык эвакуация учуусун жасады. Бул каттамда жер титирөөдөн жаракат алган 28 киши Аданадан алынып, Анкарадагы ооруканаларга жеткирилди.

Кошумчалай кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга колдоо көрсөтүү үчүн Нидерландия жана Англиядан келген учактардын да иштеп жатканы белгиленди.

Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтү очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн улам Түркияга медициналык жардам жөнөттү.



Тектеш кабарлар