Пакистандан Түркияга жана Сирияга жардам

Улуттук апааттарды башкаруу агенттигинин (NDMA) билдирүүсүнө караганда Түркия жана Сирияга жөнөтүлө турган жардам унаалары үчүн Лахордо азем өткөрүлдү.

1945320
Пакистандан Түркияга жана Сирияга жардам

Пакистандан «кылымдын апааты» деп сыпатталган 6-февралда очогу Кахраманмарашта болгон жер титирөөдөн улам жардам материалдарын ташыган 16 жүк ташуучу унаа Түркия жана Сирияга кургактык менен жеткирүү үчүн жолго чыкты.

Улуттук апааттарды башкаруу агенттигинин (NDMA) билдирүүсүнө караганда Түркия жана Сирияга жөнөтүлө турган жардам унаалары үчүн Лахордо азем өткөрүлдү.

Аземге Пакистандын билим берүү министри Рана Танвир Хүсейин, Түркиянын Лахордогу башкы консулу Эмир Өзбай жана расмий өкүлдөр катышты.

Иран аркылуу Түркияга бара турган кышкы чатыр жана жууркан жүктөлгөн 16 жүк ташуучу унаанын 10 күндүн ичинде жер титирөө болгон аймактарга келиши пландалууда.

Пакистан Түркияны колдоо үчүн 7-февралдан бери 10 учак жөнөткөн. Бул жардамдар бири түрк куралдуу күчтөрүнө, үчөө Пакистан аба күчтөрүнө, алтоо Пакистан эл аралык аба жолдоруна (PIA) таандык учактар ​​менен ташылды.

Түрк аба жолдорунун (THY) жүк ташуучу учагы 75 тонна жардам материалы менен Түркияга учуп кетти.

Пакистан бийликтери жер жана деңиз аркылуу жардам жөнөтүү аракеттери жүрүп жатканын билдирди.

Исламабаддын администрациясы өлкө боюнча мамлекеттик мектептерге жардам чогултууну чечкен эле.

Министрлер Кеңешинин бардык мүчөлөрүнүн бир айлык эмгек акысын жана бардык бюджеттик кызматкерлердин бир күндүк эмгек акысын түзүлгөн жардам фондусуна чегерүү чечими кабыл алынды.



Тектеш кабарлар