Жер титирөөдө каза болгондордун саны 3381ге жетти

Имараттар кыйраган аймактарда издөө - куткаруу иштери улантылууда.

1942782
Жер титирөөдө каза болгондордун саны 3381ге жетти

Кахраманмараштын Пазаржык районунда 7,7, Элбистан районунда 7,6 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 3381ге жетти.

Апаат жана чукул кырдаалдар башкармалыгы  AФАДдын  төрагасы Юнус Сезер Кахраманмараштагы жер титирөөдө 2 миң 921 кишинин каза болгонун, 20 миң 426 кишинин жараланганын билдирди.

AФАДдын билдирүүсүндө, Кахраманмараштын Пазаржык районунда мурунку күнү Түркия убактысы боюнча саат 04:17де болгон жер титирөөнүн күчү оболу 7,4 деп билдирилип кийинчерээк  7,7 экендиги белгиленди.

Имараттар кыйраган аймактарда издөө - куткаруу иштери улантылууда.

Кахраманмараштын Элбистан районунда да кечээ Түркия убактысы боюнча саат 13:24тө 7,6 баллдык жер титирөө болду.

 

 

 



Тектеш кабарлар