Эрдоган: «Мен ХАМАСты террордук уюм катары көрбөйм»

Президент Эрдоган расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

2139061
Эрдоган: «Мен ХАМАСты террордук уюм катары көрбөйм»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, ХАМАСтын каршылык көрсөтүү уюму экенин кайталап, миңге жакын мүчөсүнүн Түркияда дарыланып жатканын жарыялады.

Президент Эрдоган расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Бул жерде сөз алган Мицотакис:«Түркия менен Жакынкы Чыгыш темасында пикир келишпестигибиз бар. Израилдин Газа аймагына кирүүсүн жана биз террордук уюм деп эсептеген Хамасты Түркиянын башка бир аныктама менен караганын билебиз»,-деп айтканда президент Эрдоган: «Мен ХАМАСты террордук уюм катары көрбөйм»,-деди.

Эрдоган сөзүн улантып:«Хамас 1947-жылдан бери жерлери басылып алынган жана жерлерин коргоп келген каршылык көрсөтүү уюму. Тилекке каршы, бул уюм Израилдин ырайымсыз кол салууларында 45 миңге чейин кишисин жоготуусуна карабастан бул жерлерди коргоо үчүн күрөшкөн бир каршылык уюму. Биз муну көрүшүбүз керек. ХАМАСты террордук уюм деп айтуу катаал мамиле болмок. Мен ХАМАСты террордук уюм катары көрбөйм. /…/. Азыр террордук уюм деп айтсаңар, капа болобуз. ХАМАСтын 1000ден ашуун мүчөсү менин өлкөмдө дарыланууда. Батыш аларга ар кандай куралдар менен кол салууда, эгер сиз бул жерлерден обочолонуп калган Хамасты террордук уюм деп атасаңыз, капа болом»,-деди.

Президент Режеп Тайып Эрдоган: «Террор менен күрөшүүдө Греция менен түшүнүү биримдигибиз күчөп баратат»,-деди.

Эрдоган конок премьер-министр менен болгон жолугушууда эки тараптуу темаларды кеңири карап чыгышкандарын, соода көлөмүн 6 миллиард доллардан 10 миллиард долларга жеткирүү максаты менен иштей тургандарын баса белгилеп: «Греция менен террор менен күрөшүү боюнча түшүнүү биримдигибиз күч алууда. Аймакыбыздын келечегинде террордук уюмдарга орун жок экени боюнча бирдей пикирдебиз. Карым-катнаштарыбыздагы оң маанайдын Грециядагы түрк азчылыктар жана мекендештерибиздин укуктарынын сакталышына салым кошуусун күтөбүз»,-деп айтты.

Кипр маселесинде аралдагы фактылардын негизинде адилеттүү жана туруктуу чечимге жетишүүнүн маанилүү экенин белгилеген Эрдоган:«Мындай кадам биздин аймактын туруктуулугун жана тынчтыгын бекемдейт», - деп айтты.

Грециянын премьер-министри Мицотакис өз сөзүндө: «Арабыздагы түшүнүшүү жана карым-катнаш чөйрөсү тынымсыз дагы оң багытта өнүгүп жатат»,-деп айтып, Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүн колдогондорун айтты.

 

 



Тектеш кабарлар