Эрдоган - Мицотакис персс - жыйыны

Президент Эрдоган : "Греция менен террор менен күрөшүү тууралуу  түшүнүү биримдигибиз күчөп баратат»,-деди.

2139077
Эрдоган  -  Мицотакис персс - жыйыны

Президент Эрдоган : "Греция менен террор менен күрөшүү тууралуу  түшүнүү биримдигибиз күчөп баратат»,-деди.

Президент Эрдоган расмий сапар менен кечээ борбор шаар Анкарага келген Грециянын премьер  - министри Кириякос Мицотакис менен жолугушкандан кийин пресс - жыйында сөз сүйлөдү.

Эрдоган конок премьер-министр менен болгон жолугушууда эки тараптуу темаларды кеңири карап чыгышкандарын, соода көлөмүн 6 миллиард доллардан 10 миллиард долларга жеткирүү максаты менен иштей тургандарын баса белгилеп : "Греция менен террор менен күрөшүү боюнча түшүнүү биримдигибиз күч алууда. Аймагыбыздын келечегинде террордук уюмдарга орун жок экенини боюнча брдей пикирдебиз.  Карым-катнаштарыбыздагы оң атмосферанын Грециядагы түрк азчылыктар жана тектештерибиздин укуктарынын камсыз кылынуусуна салым кошуусун күтүп жатабыз",- деди.

Эрдоган Кипр маселесинде аралдагы фактылардын негизинде адилеттүү жана туруктуу чечимге жетишүүнүн маанилүү экенин белгилеп : «Мындай кадам биздин аймактын туруктуулугун жана тынчтыгын бекемдейт», - деди.

Грециянын премьер-министри Мицотакис  сөзүндө: «Арабыздагы түшүнүшүү жана карым-катнаш чөйрөсү тынымсыз  оң багытта өнүгүп жатат»,-деди жана Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүн колдогондорун айтты. 

 

 



Тектеш кабарлар