Фидан: "Палестинанын таанылышы маанилүү"
Министр Фидан борбор шаар Анкарада Камбоджанын вице-премьер-министри, тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Сок Ченда Софеа менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан, кээ бир мамлекеттердин Израилге колдоосу болбогондо Газадагы геноциддин улануусунун да мүмкүн эместигин айтты.
Министр Фидан борбор шаар Анкарада Камбоджанын вице-премьер-министри, тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Сок Ченда Софеа менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.
Министр Фидан Израилдин Газада уланган кол салууларына байланыштуу: «Израиль тарабынан кылынган бул геноциддин албетте жазасыз калбай турганына, ага адамдык абийир жана эл аралык укук жагынан да керектүү мамиле жасалаарына чын жүрөктөн ишенебиз»,-деди.
Хакан Фидан, «Батыш өлкөлөрүнүн, өзгөчө Америка Кошмо Штаттарынын бул чексиз жана шартсыз колдоосу болбогондо, Израилдин аймактагы геноцидинин башталышы да, улануусу да мүмкүн эмес эле»,- деди.
Министр Фидан Палестинаны расмий түрдө мамлекет катары тааныган өлкөлөр тууралуу: «Палестиналыктардын мамлекеттүүлүккө болгон аракетин туура көргөн атмосфера бар. Бул атмосфераны дагы да структуралык абалга айландыруу үчүн иштеп жатабыз. Акырында 3 өлкө расмий түрдө тааныды. 1 өлкөнүн да таануу жолунда экени өтө маанилүү жагдай. Бул темадагы иш- аракеттерибизди улантабыз»,-деп айтты.