Эрдоган Ирактын премьер-министри менен сүйлөштү
Сүйлөшүүдө Түркия-Ирак карым-катнаштары жана аймактык маселелер каралды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Ирактын премьер-министри Мухаммед Шия эс-Судани менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, сүйлөшүүдө Түркия-Ирак карым-катнаштары жана аймактык маселелер каралды.
Президент Эрдоган сүйлөшүүдө эки тараптуу жана аймактык кызматташтыктын алдыбыздагы мезгилде ар тармакта күчтөнөөрүнө ишенимин билдирди.
Ирактын тынчтыгына, ырааттуулугуна жана жеринин бүтүндүгүнө Түркиядагыдай маани бергендерин белгилеген президент Эрдоган, жикчил террордук уюм ПККнын Ирактын жерлеринен жок кылынышынын да бул өлкөнүн улуттук коопсуздук кызыкчылыктарынын бир зарылчылыгы экенин айтты.
Тектеш кабарлар
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.