Черногориянын президенти Түркияга келет

Стамбулдагы жолугушууларда Түркия менен Черногориянын ортосундагы карым-катнаштары ар түрдүү өңүттө каралып, кызматташтыкты жакшыртуу үчүн таштала турган кадамдар талкууланат.

1925407
Черногориянын президенти Түркияга келет

Черногориянын президенти Мило Дуканович президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен эртең Түркияга келет.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, Стамбулда боло турган жолугушууда Түркия менен Черногориянын ортосундагы карым-катнаштары ар түрдүү өңүттө каралып, кызматташтыкты жакшыртуу үчүн таштала турган кадамдар талкууланат.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу карым-катнаштар менен бирге Балкан өлкөлөрү баш болгон аймактык жана эл аралык маселелер боюнча да пикир алмашылышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар