Эрдоган: «Кара деңизде табылган газды улуттук системага туташтыруу жөнүндө жакшы кабарды бөлүшөбүз»

Эрзурумдагы массалык ачылыш аземине катышкан президент Эрдоган, Кара деңизде табылган газды улуттук системага туташтыруу үчүн күнү-түнү иштеп жаткандарын айтты.

1923228
Эрдоган: «Кара деңизде табылган газды улуттук системага туташтыруу жөнүндө жакшы кабарды бөлүшөбүз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Азербайжан менен бирге аймакта жаңы доордун пайдубалын түптөгөнүн, Армениянын акыл-эс менен иш алып барып, тынчтык, коопсуздук жана бейпилдик багытында алдыга жылуусу менен аймакта иштер ылдамдай турганын айтты.

Эрзурумдагы массалык ачылыш аземине катышкан президент Эрдоган, Кара деңизде табылган газды улуттук системага туташтыруу үчүн күнү-түнү иштеп жаткандарын белгилеп: «Бул темадагы жаңы жакшы кабарды дүйшөмбү күнү элибиз менен бөлүшөбүз. Кара деңиз газын ишке киргизгенибизден кийин элибиз үчүн жаңы жакшы жаңылыктар болот»,-деди.

Эрдоган, Түркияны Азиядан Европага созулган мунай жана жаратылыш газ линияларын бөлүштүрүү жана соода борбору кылуу аракетинин эң маанилүү станцияларынын бири Эрзурум экенин айтты.

Аймактын потенциалын эффективдүү колдонуусуна эң чоң тоскоолдук болгон Кавказдагы кагылышууларды жана чыңалууларды чечкендерин түшүндүргөн Эрдоган: «Өлкөбүздүн колдоосу менен Карабахты басып алуудан куткарган азербайжандык боордошторубуз менен бирге бул аймакта жаңы доордун пайдубалын түптөп жатабыз. Армения акыл-эстүүлүк менен иш алып барып, ынтымак, коопсуздук жана тынчтык багытында кадам таштаганда иштер тездейт. Кара деңизди Эрзурумга туташтырган туннелдер жана жолдор, Жер Ортолук деңиз портторун Кавказ менен бириктирген инфраструктуралык инвестицияларыбыз ар дайым бул чоң мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар