Түркия Түндүк Кореянын континенттер арасы ракета сыноосун айыптады

Түштүк Кореянын башкы штабы Түндүк Кореянын  чыгыш тарабына жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:18де континенттер аралык баллистикалык ракета учургандыгын жарыялаган.

1908256
Түркия Түндүк Кореянын континенттер арасы ракета сыноосун айыптады

Түркия Түндүк Кореянын кечээ ишке ашырган континенттер аралык баллистика ракета сынагын айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Корея Демократиялык Элдик Республикасынын  18 -  ноябрдагы континенттер аралык  баллистикалык сынагы жана жылдын башынан бери көбөйгөн баллистикалык ракета сыноолорунун айыпталгандыгы билдирилди.

Билдирүүдө : «Түндүк Кореянын бардык эл аралык эскертүүлөргө карабастан улантып жаткан бул жоопкерчиликсиз позициясынын аймактык тынчтык жана туруктуулукка тийгизе турган терс таасирлеринен тынчсыздануудабыз. Түндүк Кореяны БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү чечимдеринен  келип чыккан милдеттенмелерине баш ийүүгө  жана аймакта  чыңалууларга себеп болушу мүмкүн боло турган аракеттерден алыс болууга чакырабыз»,- деп айтылды.

Түштүк Кореянын башкы штабы Түндүк Кореянын  чыгыш тарабына жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:18де континенттер аралык баллистикалык ракета учургандыгын жарыялаган.

АКШ, Япония жана Түштүк Корея Түндүк Корея учурган ракетадан кийин чукул жыйын өткөргөн.

Жыйынга Япониядан премьер  - министри Кишида Фумио, АКШдан вице  - президент Камала Харрис, Түштүк Кореядан премьер  - министр Хан Дак Су катышты.



Тектеш кабарлар