Октай: "Түндүк Кипр Түрк Республикасын тааный турган учур келди"

ТРТ кабар берүүсүнө катышкан Фуат Октай, Түркиянын Түндүк Кипр Түрк Республикасын таанытуу аракетине баа берди.

1905201
Октай: "Түндүк Кипр Түрк Республикасын тааный турган учур келди"

Вице-президент Фуат Октай Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) таанылуу мезгилинин келгенин айтты.

Түркия радио-телекөрсөтүү мекемесинин (ТРТ) кабар берүүсүнө катышкан Фуат Октай, Түркиянын Түндүк Кипр Түрк Республикасын таанытуу аракеттерине баа берди.

Октай президент Режеп Таййип Эрдогандын сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) сүйлөгөн сөзүндө: «Эл аралык коомчулукту Кипр түрктөрүнө карата зомбулукту тез арада токтотууга жана Түндүк Кипр Түрк Республикасын расмий түрдө таанууга чакырабыз»,- дегенин эске салды.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиз саясатынын алкагында баш тартылгыс экенин айткан Октай: «Түркиянын коопсуздугу үчүн алмаштырылгыс шарт, ошондой эле түрдө Түндүк Кипр Түрк Республикасынын да коопсуздугу үчүн алмаштырылгыс шарт. Башкача айтканда, ТКТР болбостон Түркия, Түркиясыз ТКТР болбойт деген теңдеме жөнүндө сөз кылып жатабыз»,-деп айтты.

Фуат Октай түрк улутунун Кипрдеги бардык чечим пландарына «ооба» дегени менен эч кандай жыйынтык чыга электигин, эми жалгыз чечимдин эки эгемен, тең укуктуу мамлекеттин түзүлүшүндө экенин баса белгиледи.

Президент Эрдогандын БУУдан бүткүл дүйнөгө ТКТР таанылышы керек деп билдиргенин белгилеген Октай: «Биз муну эми таануу аркылуу жасайбыз. Түндүк Кипр Түрк Республикасын тааный турган учур келди»,- деди.



Тектеш кабарлар