Столтенберг Түркия жана Эрдоганга ыраазычылыгын билдирди

Йенс Столтенберг Түркияга жана президент Режеп Таййип Эрдоганга Украинанын данын Кара деңизден коопсуз түрдө өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

1902460
Столтенберг Түркия жана Эрдоганга ыраазычылыгын билдирди

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түркияга жана президент Режеп Таййип Эрдоганга Украинанын данын Кара деңизден коопсуз түрдө өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Столтенбергдин Түркия сапары тууралуу НАТОдон берилген маалыматта баш катчынын президент Эрдоган менен Стамбулдагы жолугушуусунда Украинадагы согуштун талкуулангандыгы белгиленди. Маалыматта : «Баш катчы Столтенберг Украинанын данын Кара деңизден коопсуз түрдөөткөрүү боюнчасүйлөшүүсүнөн уламТүркияга жана жеке президент Эрдоганга ыраазычылыгын билдирди»,- деп белгиленди.

Столтенбергдин келишимдин уланышынан ыраазы болгондугу, ошондой эле Түркиянын Россия менен Украинанын ортосундагы согуш туткундарынын алмашуусу үчүн арачылык кылуусун жана Түркиянын Украинанын өзүн коргоосуна берген колдоосун жогору баалаганы белгиленди.

Маалыматта Швеция жана Финляндиянын НАТОго кошулуусунун жыйынтыкталышынын дасүйлөшүлгөндүгү, эки өлкөнүн Түркия менен кол койгон үч тараптуу меморандумду ишке ашыруу үчүн таштаган конкреттүү кадамдарды Столтенбергдин ыраазычылык менен кабыл алгандыгы белгиленди.

Столтенбергдин Финляндия жана Швециянын мүчөлүгүнүн НАТОну күчтөндүрө турганын билдиргени маалымдалды.

Баш катчынын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен Түркиянын НАТОнун коопсуздугуна кошкон салымын, Эгейдеги абалды, террор менен күрөшүүнү,Украинага колдоосу жана Финляндия менен Швециянын НАТО мүчөлүктөрүн карап чыгышкандары билдирилди.

Билдирүүгө караганда Столтенберг НАТОнун орток коопсуздугуна кошкон салымы жана террор менен күрөшүүдөгү ролу үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди. Столтенберг өзгөчө улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен Чанаккаледе шейиттер эстелиги жана тарыхый Гелиболу жарым аралын зыярат кылгандыгы да билдирүүдө белгиленди.



Тектеш кабарлар