Министр Акар террор менен күрөшүү боюнча маалымат берди

Акар Хаккаридеги чек ара бөлүмдөрүндөгү иликтөөлөр жана текшерүүлөрдөн кийин Ирактын түндүгүндөгү Зап аймагында жүргүзүлгөн «Чеңгел-Кулпу» операциясына катышкан бөлүктөрдүн командирлери менен видео конференция аркылуу жолугушту.

1901661
Министр Акар террор менен күрөшүү боюнча маалымат берди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн «Чеңгел-Кулпу» операциясынын алкагында 429 террористтин жок кылынганын белгилеп: «Биз бүткүл операция аймагы көзөмөлгө алынуу алдында тургандыктан, биз аягына жакындап калдык. Биз Запты террористтерден тазалайбыз жана ошону менен бардык чек араларыбызды бекитебиз»,-деди.

Акар Хаккаридеги чек ара бөлүмдөрүндөгү иликтөөлөр жана текшерүүлөрдөн кийин Ирактын түндүгүндөгү Зап аймагында жүргүзүлгөн «Чеңгел-Кулпу» операциясына катышкан бөлүктөрдүн командирлери менен видео конференция аркылуу жолугушту.

Министр Акар, террористтер менен күрөштүн «Террорду булагында жок кылуу» негизинде, күчөтүлгөн күч жана темп менен чабуул ыкмасы менен улантып жатканын белгилеп: «Мехметчик тарабынан 540тан ашуун баш калкалоочу жай жана үңкүрлөр тазаланды, террористтер тарабынан коюлган 1808 мина, колго жасалган жардыруучу заттар жок кылынды. Ушул убакка чейин 429 террорист зыянсыздандырылды. «Чеңгел-Кулпу» операциясынын бүт аймагы көзөмөлгө алынып, акырына жакындап жатабыз. Запты террористтерден тазалайбыз жана ошону менен биздин бардык чек араларыбызды бекиткен болобуз»,-деди.

Хулуси Акар: «Биздин бир гана бутабыз - террористтер. Кайсы жерде террористтер бар болсо биздин бутабыз ошол жер. Биздин мындан башка бутабыз жок экенин баары билиши керек. Күрттөр биздин бир тууганыбыз. Биз бардык коңшуларыбыздын, айрыкча Ирактын жана Сириянын чек араларын жана эгемендик укуктарын сыйлайбыз»,-деп айтты.

Министр Акар операциялардын натыйжасында террордук уюмдун кыйраганынын олуттуу белгилери бар экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар