Эрдоган түрк футбол тарыхы тууралуу сөз сүйлөдү

Президент Эрдоган Президенттик комплекстеги көргөзмө залында «Тебүү жана гол: Түрк футбол тарыхы көргөзмөсүнүн» ачылышында сөз сүйлөдү.

1901343
Эрдоган түрк футбол тарыхы тууралуу сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, футбол адамдын табиятына таандык визуалдык ырахат жана атаандаштык сезимин канааттандырганы менен достук климатты бекемдей турган ар бир кадамды жеке өзү колдой турганын айтты.

Президент Эрдоган Президенттик комплекстеги көргөзмө залында «Тебүү жана гол: Түрк футбол тарыхы көргөзмөсүнүн» ачылышында сөз сүйлөдү.

«Бул көргөзмөдө улуттук курама командабыздын дүйнөдө 3-орунга ээ болгондугун, өлкөбүздү чет өлкөлөрдө сыймыктануу менен тааныткан клубдарыбыздын жетишкендиктерин көрсөткөн материалдар бар»,-деп айткан Эрдоган: «Бир кылымдан бери ай-жылдыздуу формасын кийип, эсибизде унутулгус эскерүүлөр калтырган футболчуларыбызга тиешелүү буюмдар жана сүрөттөр бар. Кыскасы, түрк футболунун атынан өлкөбүздө эмне болсо баары бар»,-деди.

Көргөзмөнүн «Футбол бир туугандык» темасы менен түзүлгөнүнө көңүл бурган Эрдоган: «Түсүнө, тегине, ишенимине, жынысына, кесибине, билимине, кирешесине карабастан адамдарды бириктирген футболдун камтуучулугу менен салыштырууга боло турган дүйнөдө абдан аз нерсе бар»,-деди.

«Тебүү жана гол: Түрк футбол тарыхы көргөзмөсүн» бул багытта маанилүү кызмат катары көргөнүн белгилеген Эрдоган, көргөзмөнүн даярдалышына салым кошкондорду куттуктады.

Президент Эрдоган сөзүнөн кийин катышуучулар менен бирге көргөзмөнү кыдырды.



Тектеш кабарлар