Чавушоглу-Лавров сүйлөшүүсү

Чавушоглу менен Лавровдун телефондогу сүйлөшүүсүндө дан коридору талкууланды.

1900765
Чавушоглу-Лавров сүйлөшүүсү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрликтен алынган маалыматка караганда, Чавушоглу менен Лавровдун телефондогу сүйлөшүүсүндө дан коридору талкууланды.

Глобалдык азык-түлүк кризисинин чечилиши үчүн Түркиянын координациясында ишке ашырылган дан ташуу келишимине 22-июлда Стамбулда президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Украина, Орусия, Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда кол коюлган.

Орусия 29-октябрда Украинадан дан азыктарын экспорттоо боюнча келишимди белгисиз мөөнөткө токтотконун жарыялаган.



Тектеш кабарлар