Ландрут: «Биз Түркиянын азык-түлүк кризиси менен күрөшүүсүн кубаттайбыз»

Мейер-Ландрут ар кандай ачылыштарды жана жолугушууларды өткөрүү үчүн келген Самсунда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1900727
Ландрут: «Биз Түркиянын азык-түлүк кризиси менен күрөшүүсүн кубаттайбыз»

Европа Биримдигинин (ЕБ) Түркия өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Николаус Мейер-Ландрут Орусиянын Кара деңиздеги дан коридору келишимине тоскоол болушунун негизсиз чечим экенин айтты.

Мейер-Ландрут ар кандай ачылыштарды жана жолугушууларды өткөрүү үчүн келген Самсунда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Орусия Украинадан эгин ташуу боюнча келишимди токтоткону тууралуу суроого Мейер-Ландрут мындай деп жооп берди: «Бул келишимге Орусиянын бөгөт коюусу негизсиз бир чечим. Себеби бул чечим Бириккен Улуттар Уюму тарабынан Түркиянын салымы менен кабыл алынган. Бул чындыгында кризистин чечилишине абдан маанилүү салым болду»,-деп айтты.

Мейер-Ландрут Түркиянын процесстеги ролуна токтолуп: «Түркиянын бул келишимди улантуу аракетине биз да абдан кубанычтабыз, ийгиликтүү болот деп үмүттөнөбүз, анткени бул чындап муктаж болгон коридор»,-деп өз баасын берди.

Мейер-Ландрут: «Орусиянын дан коридорун токтотуусу Европада буудай кризисине алып келеби?» деген суроого минтип жооп берди: «Учурда Евробиримдиктин иштеп жаткан системасы бар, ал данды кургактык менен ташып келүүдө. Учурда бул коридор иштеп жатат, эгин бул коридордон да, деңиз аркылуу да ташылып келет жана бул коридор уланууда. Ошондуктан мен Европа үчүн маселе жаралат деп эсептебейм. Негизги көйгөй кирешеси төмөн өлкөлөр. Бул өзгөчө Украинадан эгин импорттоп жана бул импортко көз каранды өлкөлөр үчүн көйгөй болот.Ошондуктан бул өлкөлөр үчүн мындай азык-түлүк кризисинен качуу керек.Түркия бул багытта да аракеттерди көрүп жатат. Биз анын бул багыттагы ишин кубаттайбыз жана абдан баалайбыз».



Тектеш кабарлар