Казына жана каржы министри Небати Сауд Арабияда жолугушууларды өткөрдү

Небати 6-Келечек инвестиция демилгеси конференциясына катышты.

1898307
Казына жана каржы министри Небати Сауд Арабияда жолугушууларды өткөрдү

Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Риядда 6-Келечек инвестиция демилгеси конференциясы өттү.

Конференцияга Түркиянын атынан казына жана каржы министри Нуреддин Небати катышты.

Министр Набатинин урматына Сауд Арабияда уюштурулган сый кече да кызыгуу жаратты.

Нуреддин Небати бул жердеги жолугушууларынын алкагында дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн келген жогорку даражалуу инвесторлор жана бизнес өкүлдөрү менен жолугушту.

«Түрк экономика моделинин» мүмкүнчүлүктөрүн жана Түркиянын потенциалын түшүндүргөн Небати, социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: «Өлкөбүздүн күчтүү инвестициялык потенциалын түшүндүрдүк. Инвесторлордун өлкөбүзгө болгон кызыгуусу кубандырат»,- деди.

Министр Небати Сауд Арабиянын инвестиция министри Халид Бин Абдулазиз Аль Фалих менен да жолукту.

Жолугушууда таасирдүү диалог каналдары аркылуу жетишилген ылдамдыкты сактап калуу үчүн эки өлкөнүн соода жана экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө карата таштала турган кадамдарда макулдашуу түзүлдү.

Сауд министр Халид Бин Абдулазиз Аль Фалих да Небатиге кызматташтыктын жаңы багыттары боюнча маалымат берди.

Сауд Арабиялык ишкерлер Түркияга технология, кыймылсыз мүлк жана энергетика сыяктуу тармактарда инвестиция салат.



Тектеш кабарлар