Чавушоглу Кулеба менен сүйлөштү
Орусия тарабынан эртең мененки сааттарда Украинанын борбор шаары Киевдин борборундагы кээ бир жерлерге кол салууларда 8 киши каза болуп, 24 киши жараланды.
1890765
![Чавушоглу Кулеба менен сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6505/73d9/ff52/6343e8ddcf289.jpg?time=1718742189)
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен орус күчтөрүнүн Украинанын кээ бир шаарларына ракеталык кол салууларына байланыштуу телефон аркылуу сүйлөштү.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Чавушоглу менен Кулеба бүгүн эртең менен Украинанын кээ бир шаарларына жасалган кол салуулардан кийинки сүйлөшүүлөрдө акыркы абалдар тууралуу пикир алмашышты.
Орусия тарабынан эртең мененки сааттарда Украинанын борбор шаары Киевдин борборундагы кээ бир жерлерге кол салууларда 8 киши каза болуп, 24 киши жараланды.
Украина Орусия 75 ракета учуруп, анын 41и зыянсыздандырылды деп билдирди.