Чавушоглу каныша II Елизаветанын жаназасына катышат
Министр Чавушоглу социалдык медиа эсебинен бөлүшүүсүндө: «Биз Лондондо каныша Елизавета IIнин жаназасына катышуу үчүн келдик»,-деп берди.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 19-сентябрь дүйшөмбү күнү (эртең) боло турган королева II Елизаветанын жаназасы үчүн Улуу Британиянын борбор шаары Лондонго барды.
Министр Чавушоглу социалдык медиа эсебинен бөлүшүүсүндө: «Биз Лондондо каныша IIчи Елизаветанын жаназасына катышуу үчүн келдик»,-деп берди.
Англиянын канышасы IIчи Елизавета жайкы эс алуусун өткөргөн Шотландиянын Абердиншир шаарындагы Балморал сепилинде 8-сентябрда каза болду.
Королеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең Лондондогу Вестминстер Эбби чиркөөсүндө болот.
Бул жердеги расмий аземден кийин канышанын сөөгү Британия королдук үй-бүлөсүнүн туруктуу резиденцияларынын бири болгон Виндзор сепилине жеткирилип, Сент-Георгий капеласына коюлат.
Тектеш кабарлар
Министр Байрактар кытайлык кесиптеши менен жолугушту
Министр Байрактар жолугушууга байланыштуу билдирүү жарыялады.