Түркия-АКШ стратегиялык механизм кеңешмелери

Тышкы иштер министринин орун басары элчи Седат Өнал АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Венди Шерман жана Мамлекеттик департаментинин саясий иштер боюнча кеңешчиси Виктория Нуланд менен жолугушту.

1880747
Түркия-АКШ стратегиялык механизм кеңешмелери

Түркия-Америка Кошмо Штаттары (АКШ) стратегиялык механизм кеңешмелеринин үчүнчү айлампасы АКШнын борбор шаары Вашингтондо өттү.

Тышкы иштер министринин орун басары элчи Седат Өнал АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Венди Шерман жана Мамлекеттик департаментинин саясий иштер боюнча кеңешчиси Виктория Нуланд менен жолугушту.

Делегациялар аймактагы саясий кырдаалды талкуулап, терроризмдин бардык формалары жана көрүнүштөрү менен күрөшүү зарылчылыгын баса белгилешти.

Жолугушууда Түштүк Кавказда тынчтыкты чыңдоонун маанилүүлүгү да талкууланды.

Америкалык делегация, Түркиянын Украина данынын Кара деңизден коопсуз өтүшүн камсыз кылууга карата ортомчулук аракеттеринен ыраазы экенин билдирди.

Жолугушууда соңку мезгилде эки тараптуу соода алакаларынын ылдамдагандыгы баса белгиленип, экономикалык кызматташтыктын бардык тармактарда дагы да алдыга жылаары айтылды.

Энергия менен камсыздоо, жеткиликтүүлүк, эффективдүүлүк жана көз карандысыздыкты күчтөндүрүү үчүн бирге иштей тургандарын билдиришкен тараптар, Жакынкы Чыгыш жана Африка баш болгон дүйнөнүн ар кайсы аймактарында Түркия менен АКШнын ортосундагы ыктымалдуу кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүнө да баа беришти.

Бир тараптан Түркия менен АКШнын тышкы иштер министрликтеринин биргелешкен билдирүүсүндө: «Жолугушууда НАТО союздашы эки өлкөнүн ортосундагы бекем кызматташтык ырасталып, эки тараптуу мамилелер, стратегиялык жана глобалдык маселелер боюнча ар тараптуу пикир алмашылды», - деп айтылды.



Тектеш кабарлар