Акар конок министр жана министрдин орун басарлары менен жолугушту
Акар Түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлерин жана конок министрлер менен орун басарларын бир-бирден тосуп алды.
![Акар конок министр жана министрдин орун басарлары менен жолугушту](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/37f1/d7a0/9824/630eff18ba60d.jpg?time=1718796718)
![akar-savunma bakanlari1.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f7b8/00dc/0183/630eff21e1134.jpg?time=1718796718)
![akar-savunma bakanlari.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/37f1/d7a0/9824/630eff18ba60d.jpg?time=1718796718)
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Түркияга келген кээ бир министр жана министрдин орун басарлары менен жолугушту.
Хулуси Акар анын чакыруусу менен Түркияга келген Азербайжандын коргоо министри генерал Закир Хасанов, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу, Казакстандын коргоо министринин орун басары Султан Кемаледдинов, Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Акылбек Ибраев жана Өзбекстандын коргоо министринин орун басары Хамдан Каршыев менен Улуттук коргоо университетинин Аскер академиясында өткөн жыйында жолугушту.
Акар Түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлерин жана конок министрлер менен орун басарларын бир-бирден тосуп алды.
Министр Акар өз сөзүндө боордош өлкөлөр катары чогулуунун маанисине токтолуп: «Баарына белгилүү болгондой, дүйнөдө эч ким жалгыз өнүгө албайт. Ошондуктан дос, боордош жана союздаш өлкөлөр бири-бири менен кызматташып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек. Аскердик машыгуу жана коргоо өнөр жайы боюнча карым-катнаштарыбызды өнүктүрө алабыз. Бул маселелер боюнча кабыл алынган чечим жок. Ар ким өз оюн, пикирин айтсын чогуу чечебиз. Анткени тынчтык мезгилдерин туура пайдаланбасак, тобокелдик мезгили кеч болуп калат. Биз жасаган бул иштер эч кандай түрдө үчүнчү өлкөлөргө карата мамиле эмес»,-деди.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718796718)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.