Эрдоган: «Түркия Палестина эли жана Газадагы бир туугандары менен бирге».
Президент Режеп Таййип Эрдоган борбор шаар Анкарада Чанкая сарайында 13-Элчилер конференциясында сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Палестина эли жана газалык бир туугандарынын жанында экенин айтты.
Эрдоган борбор шаар Анкарада Чанкая сарайында 13-Элчилер конференциясында сөз сүйлөдү.
Израилдин Газада карапайым калкты бутага алган кол салууларына Түркиянын ачык позицияны карманганын билдирген президент Эрдоган: «Балдарды, ымыркайларды өлтүрүүнүн эч кандай шылтоосу болушу мүмкүн эмес. Түркия Палестина элинин жана Газалык бир туугандарынын жанында»,-деди.
Террор менен күрөштүн улана турганын белгилеген Эрдоган: «Түштүк чек араны бойлото 30 километр кеңдиктеги коопсуз тилке куруу чечимибиз жарактуу. Жакында Сирияда террордук уюм уя салган акыркы аймактарды тазалоо менен бул коопсуздук тилкесинин шакекчелерин бириктиребиз»,-деди.
Эрдоган өз сөзүндө: «Биз дан коридору боюнча келишимдин аткарылышын камсыз кылдык. Ошентип, азык-түлүк кризиси учурунда дүйнөлүк камсыздоо коопсуздугуна салым коштук»,-деди.
Президент Эрдоган Азербайжан менен Армениянын ортосундагы акыркы абалдар тууралуу: «Армения окуяларды туура түшүнүп, Азербайжан менен Түркиянын чын ыкластуу чакырыктарына жооп берсе, аймагыбыз ырааттуулукка жетет деп ишенем»,- деп айтты.
Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги жаратылыш газ иштерине байланыштуу Эрдоган: «Бизге карабастан биздин юрисдикцияларда кандайдыр бир кыймыл же иш-аракеттердин жасалышына жол берген жокпуз жана уруксат бербейбиз»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Министр Байрактар кытайлык кесиптеши менен жолугушту
Министр Байрактар жолугушууга байланыштуу билдирүү жарыялады.