Эрдоган: «Түркия 21-кылымдын өсүп келе жаткан жылдыздарынын бири»

Президент,Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасы Эрдоган борбор шаар Анкарада партиясынын кеңейтилген облустук башчыларынын жыйынында сөз сүйлөдү.

1844593
Эрдоган: «Түркия 21-кылымдын өсүп келе жаткан жылдыздарынын бири»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын 21-кылымдын өсүп келе жаткан жылдыздарынын бири болорун белгилеп:«Үмүтүбүздү үзбөйлү»,-деди.

Президент,Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасы Эрдоган борбор шаар Анкарада партиясынын кеңейтилген облустук башчыларынын жыйынында сөз сүйлөдү.

Адамзат акыркы эки жарым жылдын ичинде тарыхындагы эң олуттуу кризистердин бирин башынан өткөргөнүн, акыркы кылымдын эң чоң ден-соолук кризиси катары сыпатталган жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынын дүйнөдөгү экономикалык тең салмактуулуктар бузганын, өндүрүш үзгүлтүккө учураганын, глобалдык соода айлар бою токтоп калганын, өнүккөн өлкөлөр менен катар ар ким таасирленгенин баса белгилеген Эрдоган:«Түркия эпидемиялык кризисти бардык өлчөмдөрү менен башкара алган өлкө катары эч бир жараныбызды кароосуз калтырган жок. Бизде дары-дармек таппай каза болгондор болгон жок. Кудайга шүгүр, экономикалык жактан бизден бай мамлекеттерде болгон окуя биздин башыбызга түшкөн жок»,-деп айтты.

Экономикадагы байланыштарды үзбөгөндөрүн, өндүрүштү уланткандарын жана өткөн жылы өлкө тарыхынын эң жогорку экспорт көрсөткүчүнө жеткендерин белгилеген Эрдоган:«Балдарыбызга жаңы ийгилик окуялары менен калтыра турган Түркиянын таштарын орнотууну улантабыз. Түркия 21-кылымдын өсүп келе жаткан жылдыздарынын бири болот. Үмүтүбүздү үзбөйлү»,-деп өз баасын берди.


Этикеткалар: #Түркия , #Анкарада , #Эрдоган

Тектеш кабарлар