Никарагуа орус аскерлерине уруксат берди

Өкмөт ошондой эле машыгуу жана тажрыйба алмашуу максатында өлкөдө чакан орус аскерлеринин болушун жактырды.

1841091
Никарагуа орус аскерлерине уруксат берди

Никарагуада орус аскерлерине, учактарына жана кемелерине машыгуу же чукул жардам максатында иштөөгө уруксат берилди.

Өлкөдө кечээ бекитилген жарлыкка ылайык, президент Даниэль Ортега орус аскерлерине, кемелерине жана учактарына өзгөчө кырдаалдар же табигый кырсыктар учурунда гуманитардык жардам, куткаруу жана издөө иштерин өз өлкөсүндө жүргүзүүгө уруксат берет.

Өкмөт ошондой эле машыгуу жана тажрыйба алмашуу максатында өлкөдө чакан орус аскерлеринин болушун жактырды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Sputnik орус маалымат агенттигине берген билдирүүсүндө, аталган кырдаалдын "кадимки абал" экенин айтты.



Тектеш кабарлар