Мевлүт Чавушоглу : "Түркиянын маанилүүлүгүн баары көрдү"

Мевлүт Чавушоглу менчик телекөрсөтүү каналында күн тартибине баа берди.

1815493
Мевлүт Чавушоглу : "Түркиянын маанилүүлүгүн баары көрдү"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу : «Украина кризиси менен баары Түркиянын маанилүүлүгүн көрдү»,- деди.

Мевлүт Чавушоглу менчик телекөрсөтүү каналында күн тартибине баа берди.

Европа жана АКШ менен  карым  - катнаштардын оң кетиши менен бажы биримдиги, виза эркиндиги, темир – болот салыгынын жоюлушу сыяктуу темаларда так кадамдардын ташталганы тууралуу суроого Чавушоглу оң абалдардын бар экендигин бирок  так кадамдардын керектигин белгилеп : «Украина кризиси менен баары Түркиянын маанилүүлүгүн көрдү. Бирок бул убактылуу болбошу керек. Түркиянын мааниси кечээ да ачык эле, эртең да Түркиянын аймагы жана анын тышында дагы да өсөт»,- деди.

Министр Чавушоглу АКШнын Түркияга карата CAATSA санкцияларынын жоюлушу тууралуу сөз болуп же болбогондугу тууралуу суроого : «Ийкемдүү экендерин көрүп жатабыз, чечүүчү жол табууга аракет кылуудабыз. АКШнын президенти Байден менен президентибиздин октябрь айында Италияда чоң жыйырмалар саммитинин негизинде өткөн жолугушуусунда Байден сунуш кылган  старегиялык механизм курулду. Министр орун басарларынын деңгээлинде  Анкарада жолугушуу өткөрдүк. 18 -  майда министрлер деңгээлинде Вашингтондо жолугушабыз»,- деп жооп берди.

С  - 400 жана Ф  - 35 кризисинде чечүүчү жол тууралуу сөз болдубу деген суроого : «Ушундай мамиле улантыла турган болсо азыр болбосо да алдыбыздагы процессте болоруна ишенем»,- деп жооп берди.



Тектеш кабарлар