ТИКА Ирак жана Камерунга жардам көрсөтүүдө

Азык-түлүк жардамын алган ирактык Ум Мустафа Түркиядан Иракка гуманитардык жардам көрсөтүлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

1812610
ТИКА Ирак жана Камерунга жардам көрсөтүүдө

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан Ирактын борбор шаары Багдадда муктаж болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк жардамдары берилди.

ТИКАнын Багдад координатору Мустафа Языжы: «ТИКА катары 6 миң азык-түлүк пакетин муктаж үй-бүлөлөргө таратууну баштадык»,-деди.

Мосул, Керкүк, Кербала жана Насирия шаарларында да муктаждарга жардам бере тургандарын белгилеген Яжыжы, быйыл жалпы 6 миң үй-бүлөгө жардам жеткирүүнү максат кылгандарын айтты.

Багдаддын Садр аймагындагы муктаж болгондорго да азык-түлүк жардамдары жеткирилди.

Азык-түлүк жардамын алган ирактык Ум Мустафа Түркиядан Иракка гуманитардык жардам көрсөтүлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Мустафа: «Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоганга чоң гуманитардык колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Аллах сиздин жана элиңиздин даражасын бийик кылсын»,-деп айтты.

Бир тараптан ТИКА Камерундагы аялдар үчүн кесиптик билим берүү курсун уюштурду.

ТИКА жана Камерундагы Ladies Circles аттуу бирикменин кызматташтыгы менен 33 камерундук аялга кесиптик көндүмдөр боюнча билим берилди.

Борбор калаа Яундеде 6 айга созулган курста катышуучуларга теориялык жана практикалык сабактар ​​берилди.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга тигүү-саймачылык, кездеме боёо, чач тарач, макияж, информатика, ашкана жана кол өнөрчүлүк сыяктуу көндүмдөр үйрөтүлдү.

Тренингдин жыйынтыгында ийгиликтүү болгон катышуучулар аземде сертификаттарын алышты.



Тектеш кабарлар