Эрдоган Айя - София Фатих медресесин ачты

Президент Режеп Таййип Эрдоган бүгүн ачылышын аткарган Айя -  София  Фатих медресеси менен  Стамбулга дагы бир чыгарманы ээ кылгандарын айтты.

1813010
Эрдоган Айя  -  София Фатих медресесин ачты

 Президент Режеп Таййип Эрдоган бүгүн ачылышын аткарган Айя -  София  Фатих медресеси менен  Стамбулга дагы бир чыгарманы ээ кылгандарын айтты.

Президент Эрдоган маданият жана туризм министрлигинин фонддор боюнча башкы директорлугу тарабынан реконструкцияланган Айя - София Фатих медресесинин ачылышына катышты.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө өткөн жумада Стамбулдун символдорунун бири болгон Бүйүк Чамлыжа мечити комплексинде Ислам цивилизациясы музейинин ачылышын ишке ашыргандарын эске салып : «Көркөмдүү өтмүшүбүздү бүгүнкү күнгө жана келечекке алып баруу, элибиз менен жакындатуу үчүн абдан маанилүү кадам таштадык. Бүгүн ачылышын аткарган Айя – София Фатих медресеси менен шаарыбызды дагы бир чыгармага ээ кылдык»,- деди.

Эрдоган Айя – София  Фатих медресесинин 1453 -  жылы Стамбулдун каратылышынан кийин Айя  -  Софиянын жанында шаардын алгачкы медресеси катары кызматка ачылгандыгын, ар кандай жылдардагы оңдоо  - түзөө  жана курулуштар менен 1924 -  жылга чейин билим берүүнү уланткандыгын эске салды.

Фатихтин документи болгон жана кылымдар бою илим менен даанышмандыктын мекени болгон бул тарыхый медресе менен ар бир документтин ошол эле убакта кийинки муундарга аманат экендигин баса белгилеген президент : «Буйруса медресебизде эртеңдин аалымдары, интеллигенциясы, илимпоздору, изилдөөчүлөрү даярдалат деп ишенем. Бул чыгарманын 13 ай сыяктуу абдан кыска убакытта  бүткөрүлүшү үчүн кызмат кылган баарын куттуктайм»,- деди.



Тектеш кабарлар