Адилет министри : "Нетаньяху үчүн камоо талабы маанилүү"

Адилет министри Йылмаз Тунч Эл аралык Жаза Сотунун  Израилдин премьер  -министри Биньямин Нетаньяху тууралуу камоо буйругун берүү арызына маанилүү кадам катары баа берди.

2142875
Адилет министри : "Нетаньяху үчүн камоо талабы маанилүү"

Адилет министри Йылмаз Тунч Эл аралык кылмыш сотунун  Израилдин премьер  - министри Биньямин Нетаньяху тууралуу камоо буйругун берүү арызына маанилүү кадам катары баа берди.  

Адилет министри Тунч Стамбулда Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн  судьялар кеңешинин төрагалары жана  өкүлдөрүнүн жыйынында сөз сүйлөдү.
Израилдин премьер-министри Нетаньяху менен коргоо министри Йоав Галант тууралуу  камоо үчүн кармоо чечимине  баа берген Тунч кеч калганына карабастан мунун   маанилүү кадам экендигин айтты.

Министр Тунч бул чечим менен Израилдин Газада кылган адамзаттык кылмышынын дүйнөгө жарыялангандыгын белгиледи. Бирок кармоо чечимине кайрылуунун жетерлик эмес экендигин баса белгилеген министр Тунч : "Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурорунун эртерээк "Териштирүүнү акырына чыгардым, далилдерибиз даяр, кармоо жана камоону талап кыламын, доону ачып жатам",- деп айтышы керек",- деди. 

Соттук жардамдашуунун маанисине да токтолгон Тунч : "Террордук уюмдарга каршы мыйзамдуу күрөштүн  маанилүү тиреги соттук кызматташтык. Биз дүйнө жүзүнүн, өзгөчө түрк дүйнөсү өлкөлөрүнүн кылмышкерлердин экстрадицияланышына байланыштуу талаптарыбызга карата сезимталдык жана чын ыкластуулук менен аракет кылышын күтөбүз",- деди. 

Адилет министри түрк мамлекеттеринин биримдикте болушу керектигин баса белгилеп : "Түрк уюмуна мүчө мамлекеттерибиздин ортосундагы саясий, маданий, экономикалык, соода жана аскердик тармактарда, ошондой эле   сот тармагында кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө маани беребиз»,-деди. 



Тектеш кабарлар