Türkiye тынчтык жана стабилдүүлүк үчүн өз салымын кошууга ар дайым даяр

Фахреттин Алтун Орусия-Украина сүйлөшүүчү делегацияларынын Стамбулдагы кечээки жолугушуусу тууралуу социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

1804030
Türkiye тынчтык жана стабилдүүлүк үчүн өз салымын кошууга ар дайым даяр

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун: " Украина менен Орусиянын сүйлөшүүчү топторунун ортосунда Türkiyeде өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр бизге жана бүткүл дүйнөгө кризистин тез арада чечилишине үмүт берди»,-деди. 

Фахреттин Алтун Орусия-Украина сүйлөшүүчү делегацияларынын Стамбулдагы кечээки жолугушуусу тууралуу социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын кризистин биринчи күнүнөн тарта (24-февралдан бери) Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн эске салган Фахреттин Алтун: "Сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы президентибиз Эрдогандын демилгесинин натыйжасында Стамбулда өттү.  Украина менен Орусиянын сүйлөшүүчү топторунун ортосунда Türkiyeде өткөрүлгөн жыйындар бизге жана бүткүл дүйнөгө кризистин тез арада чечилишине үмүт берди. Türkiye Украина менен Орусиянын ортосунда тынчтык жана ырааттуулуктун орношу үчүн аракетин токтотпойт. Аймагыбыз мындан ары кагылышууну жана гуманитардык кризисти көтөрө албайт. Бардык кызыкдар тараптарды Türkiyeнин дипломатиялык демилгелерин колдоого чакырабыз. Анткени биз тынчтык жана стабилдүүлүк үчүн өз салымыбызды кошууга ар дайым даярбыз",-деп билдирди.



Тектеш кабарлар