Шольц Түркияга келет

Бул сапар Шольцтун кызматка киришкенден кийинки биринчи расмий сапары болуп саналат.

1794774
Шольц Түркияга келет

Германия Федеративдүү Республикасынын канцлери Олаф Шольц президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга расмий сапар жасайт.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, канцлер Шольцтун кызматка киришкенден кийин (декабрь) Түркияга жасай турган бул алгачкы расмий сапарында Түркия менен Германиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар ар тараптан каралат.

Эки өлкөнүн кызматташтыгын дагы да өнүктүрүү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар карала турган сапарда, Украина жана Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары баш болгон берки актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашылышы көздөлүүдө.



Тектеш кабарлар