Шольц Түркияга келет
Бул сапар Олаф Шольцтун Түркияга жасаган алгачкы сапары болот.
1792627
Германиянын канцлери Олаф Шольц 14-мартта борбор шаар Анкарага расмий сапар жасайт.
Өкмөткө жакын булактардан алынган маалыматка караганда, канцлер Шольц 14-мартта бир күндүк сапар менен Анкарага келет.
Шольцтун Анкарада президент Режеп Таййип Эрдоган менен эки тараптуу карым-катнаштарды жана аймактык маселелерди талкуулоону пландаганы билдирилди.
Бул сапар 2021-жылдын 8-декабрында кызматына киришкен Олаф Шольцтун Түркияга жасаган алгачкы сапары болот.