Акар украиналык кесиптеши менен сүйлөштү

Телефондук сүйлөшүүдө Орусиянын убактылуу ок атышпоо жарыялоосунан кийин Украинадагы турукташтыруу жана гуманитардык жардам тууралуу пикир алмашылды.

1792672
Акар украиналык кесиптеши менен сүйлөштү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Италиянын Башкы штабынын төрагасы адмирал Жузеппе Каво Драгонени кабыл алды.

Министр Акар башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлердин расмий чакыруусу менен борбор шаар Анкарада болгон Драгонени министрликте кабыл алды.

Кабыл алууга Башкы штабдын төрагасы генерал Гүлер да катышты.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен Украинанын коргоо министри Алексей Резниковдун телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Орусиянын убактылуу ок атышпоо жарыялоосунан кийин Украинадагы абалды турукташтыруу жана гуманитардык жардам темасында пикир алмашуу болду.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Акар украиналык кесиптеши Резников менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондук сүйлөшүүдө Орусиянын убактылуу ок атышпоо жарыялоосунан кийин Украинадагы турукташтыруу жана гуманитардык жардам тууралуу пикир алмашылды.

Акар кесиптешине «Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөр туруктуу чечим болушу үчүн маанилүү»,-деди.

Акар Резниковго, Түркиянын Украинага гуманитардык жардам жеткирүү, тынчтык жана бейпилдик орнотуу үчүн өз милдетин аткарууга даяр экенин, адам өлүмүнүн болбошу,тынчтык жана ырааттуулук үчүн мүмкүн болушунча тез арада ок атышпоонун жарыяланышынын маанилүү экенин айтты.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар