Эрдоган Алиевдин Түркияга келе турганын билдирди

Аял башчылар менен жолугушуу программасына катышкан Эрдоган, Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралдан бери уланып жаткан согушка токтолду.

1791884
Эрдоган Алиевдин Түркияга келе турганын билдирди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин бейшемби күнү Түркияга келе турганын билдирди.

Баш калаа Анкарадагы Президенттик комплексте Аял башчылар менен жолугушуу программасына катышкан Эрдоган, Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралдан бери уланып жаткан согушка токтолду.

Бул маселе боюнча 20дан ашык мамлекет башчылары менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн белгилеген президент: "Сүйлөшүү өткөрүүнү улантып жатам. Түркиянын кайсы жерде турганын эске салуусу жагынан мунун канчалык маанилүү экенин айткым келет",-деди.

Израилдин президенти Ицхак Герцогдун эртең Түркияга келе турганын эске салган Эрдоган, бейшемби күнү да Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин келерин айтты.



Тектеш кабарлар