Ибрахим Калын АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Венди Шерман менен жолугушту

Жолугушууда Украинадагы согуш менен эки тараптуу карым - катнаштар  жана  аймактык маселелер каралды.

1790134
Ибрахим Калын АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Венди Шерман менен жолугушту

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Венди Шерман менен жолугушту.

Президенттиктин басма сөз катчысынын билдирүүсүнө караганда Президенттиктин Стамбулдагы Долмабахче кеңсесинде өткөн жолугушууда айрыкча Украинадагы согуш менен эки тараптуу карым - катнаштар  жана  аймактык маселелер каралды.

Украинадагы согуштун жүрүшү жаңы гуманитардык кризистерди пайда кылгандыгы белгиленип, терең тынчсыздануулар билдирилди.  

Эгер согуш улана турган болсо, согуштун кесепеттеринин бүткүл аймак жана дүйнө үчүн кыйратуучу болоору айтылды.

Согуштун дагы көп кыйроолорго себеп болбостон акырына чгышы керектиги  белгиленди.

Тараптардын сүйлөшүүлөрүнөн жыйынтык чыгышы үчүн биргелешкен аракеттерди арттыруу боюнча макулдашылды.

Түркиянын тараптар менен тынымсыз байланышта экени жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр экени белгиленди.

Жолугушууда Сирия, Ливия жана Афганистандагы тынчтык жана ырааттуулук, Түркия - Израиль карым - катнаштары жана Түркия - Армениянын нормалдашуу процесси талкууланды.

АКШ менен эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалы да талкууланган жолугушууда биргелешкен стратегиялык механизмди ишке ашыруу үчүн жасала турган кадамдар боюнча макулдашылды.



Тектеш кабарлар