Акар украиналык кесиптеши менен сүйлөштү
Украинанын коргоо министри Резников Түркиянын гуманитардык жардамдары жана тынчтык аракеттеринен улам Акарга ыраазычылык билдирди.
1786741
![Акар украиналык кесиптеши менен сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ae92/0749/7101/621c7d5f0ff52.jpg?time=1718763176)
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Украинанын коргоо министри Алексей Резников менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда, Украинадагы акыркы абалдар каралган сүйлөшүүдө Акар Түркиянын Украинага гуманитардык жардамдарын улантуу менен бирге аймактагы тынчтык үчүн аракетин да уланта турганын белгиледи.
Украинанын коргоо министри Резников да Түркиянын гуманитардык жардамдары жана тынчтык аракеттеринен улам Акарга ыраазычылык билдирди.