Зеленский Эрдоган жана Алиев менен сүйлөшкөнүн билдирди

Владимир Зеленский социалдык медиа эсебинде бөлүшкөн видео кайрылуусунда Орусиянын өз өлкөсүнө жасаган чабуулуна токтолду.

1786214
Зеленский Эрдоган жана Алиев менен сүйлөшкөнүн билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский: «Президенттер Режеп Таййип Эрдоган менен Илхам Алиев Орусия менен сүйлөшүүлөрдү баштоого көмөктөшө тургандыктарын айтышты», - деп билдирүү жасады.

Владимир Зеленский социалдык медиа эсебинде бөлүшкөн видео кайрылуусунда Орусиянын өз өлкөсүнө жасаган чабуулуна токтолду.

Зеленский президент Режеп Таййип Эрдоган менен Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Орусия менен сүйлөшүүлөрдү баштоого жардам бере тургандарын айтышканын жана бул сунушту кубаттагандарын айтты.

Зеленский Швейцария, Греция, Нидерландия, Италия жана Индиянын лидерлери менен да сүйлөшүп, анын өлкөсү кадимки цивилизациялуу дүйнөнүн чын ыкластуулугун жана көңүлүн бурганын белгиледи.

Орусияга каршы SWIFT санкциясы боюнча жыйынтыктарга жетишкендерин белгилеген Зеленский, Москванын дүйнөлүк каржы системасынан четтелерин жана миллиарддаган доллар зыян тарта турганын айтты.

Зеленский католик дүйнөсүнүн руханий лидери Рим папасы Франциск баш болгон көптөгөн диний лидерлер менен да сүйлөшкөнүн белгилеп, бардыгы Украинанын жеңиши үчүн дуба кылышканын билдирди.

Украинанын лидери белгилегендей, бүгүн «оккупанттар» өлкөдөгү бардык нерселер менен бирге өздөрүн да жок кылууга аракет кылган күн экенин белгилеп: «Бирок ишемби күнү кечинде азыр калкаланган Киев метросунда биринчи жолу кыз төрөлгөн»,-деди.

Зеленский өз өлкөсүн бошотуу үчүн колдон келишинче күрөшө турганын баса белгиледи.

Орусия Украинага каршы аскердик операциясын 24-февралда баштаган.


Этикеткалар: #Владимир Зеленский

Тектеш кабарлар