Украинадан Түркияга жеткендер Түркиянын Тышкы иштер министрлигине ыраазы

Хамзабейли чек ара капкасына достору жана үй-бүлөсү менен келгендер маалымат беришти.

1786240
Украинадан Түркияга жеткендер Түркиянын Тышкы иштер министрлигине ыраазы

Орусиянын Украинага кол салуусунан кийин түрк студенттери жана үй-бүлөлөр Эдирнедеги чек ара дарбазаларынан Түркияга кирүүнү улантууда.

Хамзабейли чек ара капкасына достору жана үй-бүлөсү менен келген университет студенти Толга Демир, Украинада чоң согуш болгонун, көп сандаган кишинин согуштан качып Түркияга келүүгө аракет кылып жатканын белгиледи.

Орусиянын кол салууларынан улам жолдордун азыр кооптуу экенин түшүндүргөн Демир: «Бир аз тобокелчиликке барганыбыз менен мекенибизге аман-эсен келдик. Чынында эле абал кыйын. Ал жакта досторубуз күтүп жатышат. Алар баш калкалоочу жайларда жашап, бомбаланып жатканын айтышты. Буюрса, аларды мүмкүн болушунча тезирээк эвакуациялоону күтөбүз»,-деди.

Демир Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Алптекин Айылдыз да Украинада 10 жылдан бери текстиль бизнеси менен алектенгенин, Орусиянын чабуулунан кийин аялы менен баласын алып мекенине келгенин айтты.

Айылдыз Украинадан эвакуацияланганда Тышкы иштер министрлиги менен түрк консулдуктарынын абдан чоң жардам бергенин белгилеп, аларга ыраазычылык билдирди.

Орусия Украинага каршы аскердик операциясын 24-февралда баштаган.



Тектеш кабарлар