Шентоп: «Түркия жардам берүүгө даяр»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, Украина парламентинин төрагасы Руслан Стефанчук менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1786275
Шентоп: «Түркия жардам берүүгө даяр»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, Украина парламентинин төрагасы Руслан Стефанчук менен телефон аркылуу сүйлөштү жана Түркиянын Украина менен Орусиянын ортосундагы байланыштын эң жогорку деңгээлде түзүлүшү үчүн жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Парламент төрагалыгынан берилген маалыматка караганда, Стефанчук менен сүйлөшкөн Шентоп, «согуштун жеңүүчүсү болбойт» деп орус тарапты адилетсиз жана мыйзамсыз операцияны тез арада токтотууга чакырды.

Түркиянын Украинанын саясий биримдигин, эгемендигин жана жеринин бүтүндүгүн колдогондугун баса белгилеген Шентоп, учурдагы кризистин эл аралык укук жана Минск келишимдеринин алкагында дипломатия жана диалог аркылуу тез арада чечилишин тилегенин дагы бир жолу кайталады.

Шентоп: «Түркия биринчи күндөн бери президентибиздин демилгеси менен чыңалууну азайтуу үчүн чын жүрөктөн аракет кылууда. Биз Украина менен Орусиянын ортосундагы байланышты эң жогорку деңгээлде түзүүгө көмөктөшүүгө даярбыз. Бул түшүнүк менен тез арада ок атышпоо жарыяланышы жана дипломатиялык каналдарды мүмкүн болушунча тез жандандыруу үчүн аракет кылуудабыз»,-деди.

Украина парламентинин төрагасы Руслан Стефанчук Шентопко чакырыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Достуктун кыйын мезгилде белгилүү болоорун белгилеген Стефанчук, Түркиянын башка өлкөлөр сыяктуу сүйлөп гана тим болбостон, кризистин чечилиши үчүн да активдүү позицияны карманганын жана буга ыраазы экендиктерин билдирди.

Орусия Украинага каршы аскердик операциясын 24-февралда баштаган.



Тектеш кабарлар