ПКК террордук уюмуна карата күрөш улантылууда
ПКК/ЙПГнын 12 террористи жок кылынды.
1785219
Ирак жана Сириянын түндүгүндө ПКК/ЙПГ террордук уюмунун 12 террористи жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин соцтармактан берген кабарында террор менен күрөшүүнүн чечкиндүү улантылып жаткандыгы билдирилди. Билдирүүдө : "Ирактын түндүгүндөгү "Чеңгел - Чагылган" операциясы жүргүзүлгөн аймакта аныкталган ПККнын 2 террористи менен "Тынчтык булагы" жана "Зайтун бутагы" аймактарына кол салган ПКК/ЙПГнын 10 террористи жок кылынды",- деп маалымдалды.