Улуттук коргоо министри Акар Румыниянын коргоо министри менен жолугушту

Жолугушууда эки тараптуу жана аймактык коопсуздук жана коргонуу маселелери менен коргонуу өнөр жайындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

1779949
Улуттук коргоо министри Акар Румыниянын коргоо министри менен жолугушту

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Румыниянын коргоо министри Василь Динжу менен жолугушту.

НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынын алкагында Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн «НАТОнун өзөктүк пландоо тобунун» сессиясына катышкан Акар  Румыниянын коргоо министри Динжу менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу жана аймактык коопсуздук жана коргонуу маселелери менен коргонуу өнөр жайындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Динжуну коргоо министри болуп дайындалышы менен куттуктаган Акар, Румыниянын Түркиянын маанилүү союздашы экенин, эки өлкөнүн ортосунда аскердик билим берүү жана башка кызматташтык тармактарында таштала турган кадамдардын бар экенин, Кара деңиздин бир тынчтык деңиз бойдон калышы, Монтре режиминин сакталгандыгын  баса белгиледи.



Тектеш кабарлар