Чавушоглу Лавров жана Кулеба менен сүйлөштү

Чавушоглу Түркиянын Орусия менен Украинанын ортосундагы жолугушууларды өткөрүүгө даяр экенин кайталады.

1779952
Чавушоглу Лавров жана Кулеба менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү.

Чавушоглу Лавров сүйлөшүүсүндө Орусия-Украина чыңалуусуна байланыштуу акыркы абалдарды талкуулады.

Министр Чавушоглу маселенин чечилиши үчүн дипломатиялык демилгелердин маанисине басым жасады. Бул алкакта министр Чавушоглу Түркиянын Орусия менен Украинанын ортосундагы жолугушууларды өткөрүүгө даяр экенин кайталады.

Министр Лавров да 11-13-мартта боло турган  II. Анталия дипломатия форумуна катыша турганын жана ал ошондой эле Анталияда өткөрүлүшү пландалган Астана форматындагы Сирия боюнча тышкы иштер министрлеринин жыйынына катыша турганын ырастады.

Министр Чавушоглу Украинанын тышкы иштер министри Кулеба менен Орусия-Украина кризисин сүйлөштү.

Чавушоглу ошондой эле жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) тестинин позитив чыкканы үчүн жакшы каалоолорун айткан министр Кулебага ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар