АКШ: «Эрдогандын Украина кризисин дипломатиялык жол менен чечүү аракетин жакындан байкоодо»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүндө АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен эки өлкөнүн Украинанын жеринин бүтүндүгүнө болгон мамилесин баса белгиледи.

1775680
АКШ: «Эрдогандын Украина кризисин дипломатиялык жол менен чечүү аракетин жакындан байкоодо»

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) президент Режеп Таййип Эрдогандын Украина кризисин дипломатиялык жол менен чечүү аракетин жакындан байкашкандарын белгиледи.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүндө АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен эки өлкөнүн Украинанын жеринин бүтүндүгүнө болгон мамилесин баса белгилеп, президент Режеп Таййип Эрдогандын дипломатиялык жол менен чечүү аракетин жакындан байкап жатышканын айтты.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Чавушоглу менен Блинкендин ортосундагы телефон сүйлөшүүсүнө байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Билдирүүдө сүйлөшүүдө Украинадагы кризиске байланыштуу координацияны кеңейтүү жана бүтүндөй НАТО үчүн аракеттенүү маселелери талкууланганы айтылды.

Билдирмеге караганда, Блинкен эки өлкөнүн Украинанын эгемендигине жана жеринин бүтүндүгүнө болгон мамилелерин баса белгилеп, президент Режеп Таййип Эрдогандын дипломатиялык жол менен чечүүчү аракетине көңүл бурушканын белгиледи.

Билдирүүдө Чавушоглу менен Блинкендин Түркия менен Армениянын ортосундагы нормалдашуу процессине жана АКШнын бул процесске колдоо көрсөтүү үчүн таштай турган кадамдарына баа бергени да белгиленди.

Эки министр Түркия менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштарды динамикалуу түрдө улантуу мүмкүнчүлүктөрүн да талкуулашты.



Тектеш кабарлар