Түркия менен Армениянын ортосунда учак каттамдары башталды

Стамбул - Ереван каттамы Түркия убактысы боюнча саат 23.35те Стамбул Сабиха Гөкчен аэропортунан аткарылды.

1772849
Түркия менен Армениянын ортосунда учак каттамдары башталды

Түркия менен Армениянын ортосундагы карым - катнаштарды жөнгө салуу аракеттеринин негизинде  бир канча убакыттан кийин Стамбулдан Ереванга алгачкы түз каттам аткарылды.

Эки өлкөнүн ортосундагы нормалдашуу процессинин алкагында башталышына чечим чыгарылган биринчи Стамбул - Ереван каттамы Түркия убактысы боюнча саат 23.35те Стамбул Сабиха Гөкчен аэропортунан аткарылды.

Болжол менен 2 сааттык учуудан кийин Пегасус авиа компаниясына таандык учак борбор шаар Еревандагы Звартноц эл аралык аэропортуна конду.

Азербайжан армиясынын 2020 -  жылы Карабахтагы оккупацияны акырына  чыгарышы менен Түркия Арменияны карым  - катнаштарды нормалдаштырууга чакырган.

Түркиянын чакыруусуна Армениядан да оң жооптун берилиши менен эки өлкөнүн карым  - катнаштарынын нормалдашуусун сүйлөшүү максатында 2021 -  жылы өз ара атайын өкүлдөр дайындалган.

Эки атайын өкүлдүн 14 -  январда Россиянын борбор шаары Москвада өткөргөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрүндө Түркия менен Армениянын ортосунда 2020 -  жылы токтогон учак каттамдарынын кайрадан башталышына чечим чыгарылган.

Бул чечимдин негизинде Еревандан учкан биринчи учак кечээ кечинде Стамбул аэропортуна конду.



Тектеш кабарлар