Түркиянын улуттук клавиатура командасы эл аралык мелдеште 2 биринчиликти багындырды

Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык Маалымат иштетүү жана байланыш федерациясынын (INTERSTENO) маалыматы.

1746369
Түркиянын улуттук клавиатура командасы эл аралык мелдеште 2 биринчиликти багындырды

Түркиянын улуттук клавиатура командасы эл аралык сынакта 2 биринчиликти алды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык Маалымат иштетүү жана байланыш федерациясынын (INTERSTENO) Чехиядагы өкүлү тарабынан 9-11-декабрь күндөрүнүн аралыгында уюштурулган ZAV100 3-Эл аралык интернет компьютер клавиатура сынагында Түркиянын улуттук клавиатура командасы 2 биринчиликти жеңип алды.

INTERSTENO Түркия өкүлчүлүгүнүн жана түрк тобунун төрагалыгынын билдирүүсүнө караганда, 13-16 жаштагы окуучулар категориясында Афьонкарахисардагы Сандыклы орто мектебинен Нисан Майя Тунчоглу мүнөтүнө нет 739 сокку уруп утуп алды, ал эми тажрыйбалуулар категориясында Анкара Мамлекеттик Кеңешинен Эрди Чиллер мүнөтүнө 814 сокку менен жеңүүчү болду.

4 категорияда өткөрүлгөн жарышта калган эки чемпиондукту Чехия жеңип алды.  Жаштар категориясында Афьонкарахисардагы Сандыклы Хисар кесиптик жана техникалык Анадолу лицейинен Синем Дениз 3-орунду алса, Афьонкарахисардан «Шухут Зафер» Анадолу лицейинен Онур Демирбаш, Измирдеги «Алиага Адамар» Эл аралык Ship Supply Co.дан Үмит Шекер, «Сулайман Демирел» университетинен Ильяс Памукчу, TED Афьон колледжинен Эфе Абдуллах Танер ардак сыйлыгын алууга укуктуу болду.

Мелдешке Чехия, Германия, АКШ, Бельгия, Франция, Хорватия, Люксембург, Венгрия, Орусия, Словакия, Польша, Италия, Аргентина жана Түркия сыяктуу 14 өлкөдөн 1354 жарышчы катышты.



Тектеш кабарлар