Түркиядан АКШга көңүл айтылды

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта АКШнын Кентукки баш болгон ар кайсы штаттарына таасир эткен торнадо жана катуу бороондон улам көп сандаган кишинин каза болгондугу кайгыруу менен билдирилди.

1746195
Түркиядан АКШга көңүл айтылды

Түркия Америка Кошмо Штаттардагы (АКШ) торнадодо жана катуу бороондо каза болгондор үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта АКШнын Кентукки баш болгон ар кайсы штаттарына таасир эткен торнадо жана катуу бороондон улам көп сандаган кишинин каза болгондугу кайгыруу менен билдирилди.

Билдирүүдө, «Биз Америка Кошмо Штаттарынын элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз»,-делди.

АКШнын Кентукки штатынын губернатору Энди Бешир, жума күнү кечинде күчүнө кирген торнадодон улам штатта кеминде 70 кишинин өмүрү кыйылганын белгилеп, каза болгондордун саны 100дөн ашат деп тынчсызданып жатышканын белгиледи.

 



Тектеш кабарлар