Түркия Сомалиге аскердик унааларды жана тез жардам унааларын берди

Сомалинин аскердик жетекчилери унааларды Түркиянын Могадишодогу элчилигинде уюштурулган азем менен тапшырып алышты.

1734992
Түркия Сомалиге аскердик унааларды жана тез жардам унааларын берди

Түркия Сомалинин улуттук армиясына аскердик унааларды жана тез жардам унааларын берди.

Сомалинин аскердик жетекчилери унааларды Түркиянын Могадишодогу элчилигинде уюштурулган азем менен тапшырып алышты.

Сомали армиясынын башкы штабынын төрагасы генерал Одава Юсуф Рагех, террордук уюм Эш-Шабаб менен күрөшүүдө Түркиянын колдоосунун маанилүү экенин белгиледи.

Унааларды Түркияда окутулган "Горгор" атайын бөлүгү колдоно турганы белгилүү болду.

Түркия тарабынан Сомалиде жана өлкө ичинде машыктырылган Сомали аскерлери Эш-Шебабга каршы таасирдүү күрөш жүргүзүүдө.



Тектеш кабарлар