Түркия менен АКШнын аскердик делегацияларынын жыйыны болду

Министрликтин билдирүүсүндө Түркия-АКШ коргоо министрликтеринин ортосундагы Жогорку деңгээлдеги Коргоо тобунун жыйынынын Вашингтондо өткөнү белгиленди.

1734969
Түркия менен АКШнын аскердик делегацияларынын жыйыны болду

Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) өткөрүлгөн аскердик делегациялардын ортосундагы жыйындын оң жана конструктивдүү маанайда болгонун, кийинки жыйындын Түркияда өткөрүлүшү боюнча макулдашылганын билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө Түркия-АКШ Коргоо министрликтеринин ортосундагы Жогорку деңгээлдеги Коргоо тобунун жыйынынын Вашингтондо өткөнү белгиленди.

Билдирүүдө жолугушууга байланыштуу: «Оң жана конструктивдүү маанайда өткөн жыйында аскердик делегациялардын ортосунда эки тараптуу жана аймактык коргонуу коопсуздук маселелеринде пикир алмашылды. Кийинки жыйындын Түркияда өткөрүлүшү боюнча макулдашылды»,-деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар