Ирандан Түркия жана Азербайжан тууралуу билдирүү жарыяланды

Хатибзаде борбор шаар Тегеранда Тышкы иштер министрлигинин имаратында өткөрүлгөн жумалык маалымат жыйынында журналисттердин күн тартибине байланыштуу суроолоруна жооп берди.

1730959
Ирандан Түркия жана Азербайжан тууралуу билдирүү жарыяланды

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хатибзаде Түркия менен Ирандын ортосундагы карым-катнаштардын бардык тармактарда жакшырганын билдирди.

Хатибзаде борбор шаар Тегеранда Тышкы иштер министрлигинин имаратында өткөрүлгөн жумалык маалымат жыйынында журналисттердин күн тартибине байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Анкара менен Тегерандын карым-катнаштарынын саясий, социалдык, экономикалык жана коопсуздук тармактарында жылыш болгонун белгилеген Хатибзаде: «Түркия менен Ирандын ортосундагы кызматташтык потенциалы сезилгенден да жогору. Акыркы жылдарда жакын мамиледе болдук жана ишке ашырыла турган көптөгөн долбоорлор бар. Жакынкы келечекте Түркия менен жогорку деңгээлдеги дипломатиялык сапарлар болот»,-деп айтты.

Акыркы 30 жылда Азербайжандын (Армения тарабынан) оккупацияланышына каршы туруп, Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин коргогондорун дагы бир жолу кайталаган Ирандын басма сөз катчысы:«Биз азербайжандын администрациясын жана элин бошотулган аймактар ​​үчүн куттуктадык жана анын бир жылдык мааракесин куттуктайбыз»,-деди.

Тегеран менен Бакунун карым-катнаштарды өнүктүрүүнү жактаганын жана тышкы иштер министрлери үзгүлтүксүз сүйлөшүп жатышканын белгилеген Хатибзаде: «Мамилелердин жакшырышын жана басма сөз аркылуу болгон түшүнбөстүктөр кайталанбайт деп ишенем», - деп айтты.



Тектеш кабарлар