Президент Эрдоган Ылысудагы суу сактагыч жана ГЭСтин ачылышында сөз сүйлөдү

Режеп Таййип Эрдоган Ылысунун суу жана энергетика инвестициясы болуу менен бирге маданий трансформацияны камсыздай турган бир өлчөмгө ээ экенин айтты.

1730214
Президент Эрдоган Ылысудагы суу сактагыч жана ГЭСтин ачылышында сөз сүйлөдү

Президент Р. Т. Эрдоган : «Дүйнө жана өлкөбүз барган сайын кургакчылык коркунучу менен бетме  - бет келген бул мезгилде бул долбоордун абдан маанилүү экендигине ишенемин»,- деди.

Президент Эрдоган Мардинде Ылысудагы Профессор доктор Вейсел Эроглу суу сактагычы жана ГЭСинин ачылуу аземинде сөз сүйлөдү.

Режеп Таййип Эрдоган Ылысунун суу жана энергетика инвестициясы болуу менен бирге маданий трансформацияны камсыздай турган бир өлчөмгө ээ экенин айтты.

Эрдоган : «Суу ресурстарыбызды түгөнүү чегине жете электе коргоо, аны натыйжалуу пайдалануу жана туура башкаруу тандоо эмес, зарылчылык болуп калды»,- деди.



Тектеш кабарлар